Diaverum — дүйнөдөгү нефрологиялык жардам көрсөтүүчү эң ири компаниялардын бири. Компания дүйнөнүн 20дан ашуун өлкөсүндө диализ, трансплантация жана ага байланыштуу колдоо кызматтарын сунуштайт.

Биздин бардык иш-аракеттерибиз өнөкөт бөйрөк оорусу же бөйрөк жетишсиздиги менен жашаган адамдардын жашоо сапатын жакшыртууга багытталган. Биз алардын толук кандуу жашоо өткөрүшүнө жардам берүүгө умтулабыз.

Кызматкерлерибиздин өнүгүүсүнө, заманбап технологияларга жана санариптик чечимдерге инвестиция салуу менен биз сапаттуу медициналык жардам көрсөтүп гана тим болбостон, бейтаптарыбызга чыныгы камкордук көрсөтөбүз. Муну биздин жогорку клиникалык көрсөткүчтөрүбүз жана бейтаптарыбыздын турмуштук окуялары тастыктайт.

Ар бир жетишкендигибиздин артында чоң же кичине адамдык окуялар турат. Биз бул окуяларды жана компаниябыз тууралуу маанилүү жаңылыктарды сиздер менен бөлүшүүгө кубанычтабыз.

Последние новости