Эл аралык медициналык тажрыйбага жана «Чыныгы камкордук» (True Care) маданиятына таянган «Diaverum Кыргызстан» өлкөдө бөйрөк ооруларын дарылоону жаңы деңгээлге чыгарууга багытталган бирдиктүү клиникалык экотутумду өнүктүрүүдө.

2026-жылы негизделип, алгачкы диализ клиникасын ачкан «Diaverum Кыргызстан» дүйнө жүзүндө бөйрөк ооруларын дарылоо боюнча алдыңкы компаниялардын бири болгон Diaverum компаниясынын эл аралык тажрыйбасын колдонууда. Diaverum 20дан ашуун өлкөдө иш алып барып, диализ, трансплантация жана ага байланыштуу колдоо кызматтарын көрсөтөт. Компания кызматкерлеринин кесиптик өнүгүүсүнө, заманбап технологияларга жана санариптик чечимдерге инвестиция салып, бейтаптарга сапаттуу медициналык жардам менен катар чыныгы камкордук көрсөтүүгө умтулат.

«Diaverum Кыргызстан» өлкө боюнча өз ишмердүүлүгүн кеңейтип, ар бир бейтапка жогорку сапаттагы, комплекстүү жана жекелештирилген медициналык жардам көрсөтүүнү максат кылат. Компаниянын ишмердүүлүгүнүн негизинде ар бир адам сапаттуу жана толук кандуу жашоого татыктуу деген ишеним жатат.

Биз жергиликтүү жана чет өлкөлүк бейтаптар үчүн бөйрөк ооруларын дарылоонун кеңири спектрин сунуштайбыз. Алардын катарына алдын алуу чаралары, диализ менен дарылоо жана «holiday dialysis» кызматы — башкача айтканда, саякат учурунда диализди үзгүлтүксүз улантуу мүмкүнчүлүгү кирет. Биздин команда бейтаптардын жашоо сапатын жакшыртууга умтулган тажрыйбалуу жана камкор адистерден турат.