Бул Купуялуулук саясаты жана Cookie файлдарын колдонуу саясаты сиздин Diaverum AB же анын туунду компаниялары (мындан ары биргеликте — «Diaverum», «биз», «бизге», «биздин») менен болгон өз ара аракеттенүүңүзгө, негизинен  https://www.diaverum.com/ веб-сайтында (мындан ары — «Сайт») колдонулат.

 Бул веб-сайттын оператору жана маалыматтарды көзөмөлдөөчү тарап — Diaverum AB («Маалыматтарды көзөмөлдөөчү»). 

Diaverum AB 

Компаниянын каттоо номери: 559140-5344 

Иш жүзүндөгү дареги: Hyllie Boulevard 35 

Почта дареги: Hyllie Boulevard 39 

SE 215 37 Malmö 

Sweden (Швеция) 

Телефон номери: +46 46 287 3000 

Diaverum AB маалыматтарды көзөмөлдөөчү катары сиздин жеке маалыматтарыңыздын коопсуздугун камсыз кылууга жооптуу. Биздин максат — сиздин жеке маалыматтарыңызды иштетүүдө коопсуздукту жана ачык-айкындуулукту камсыз кылуу. Биз жеке маалыматтарды ушул Купуялуулук жөнүндө билдирүүгө жана колдонуудагы мыйзамдарга, анын ичинде 2018-жылдын 25-майынан тартып күчүнө кирген Европа Биримдигинин Маалыматтарды коргоонун жалпы регламентине (МКЖР) ылайык иштетебиз. 

Сиздин купуялуулугуңуз биз үчүн өтө маанилүү. Ошондуктан биз сиз бөлүшкөн бардык жеке маалыматтарды тийиштүү деңгээлде коргоого жана туура башкарууга өзгөчө көңүл бурабыз. Ушул себептен улам, биз бул Купуялуулук саясатын («Купуялуулук саясаты») иштеп чыктык. Анда сиздин жеке маалыматтарыңыз кандайча чогултулары жана колдонулары түшүндүрүлөт. Бул саясат негизинен Сайт аркылуу алынган маалыматтарга тиешелүү, бирок айрым учурларда башка булактардан, мисалы, оффлайн режиминде алынган маалыматтарды же Diaverum компаниясынын аффилирленген жактары башкарган башка сайттар аркылуу алынган маалыматтарды да камтышы мүмкүн. 

Diaverum AB Маалыматтарды коргоо боюнча жооптуу адисти дайындаган. Сиз аны менен SE.DPO@diaverum.com электрондук почтасы же төмөнкү почта дареги аркылуу байланыша аласыз: 

Diaverum AB 
Data Protection Officer 
Hyllie Boulevard 39 
SE 215 37 Malmö 

Sweden (Швеция) 

Телефон номери: +46 46 287 3000 

Жеке маалыматтар 

Diaverum компаниясынын Сайттагы кызматтарынын, функцияларынын жана мүмкүнчүлүктөрүнүн көпчүлүгү каттоодон өтүүнү талап кылбайт. Демек, сиз өзүңүз тууралуу маалымат бербестен эле Сайтты пайдалана аласыз. Бирок айрым кызматтарды, функцияларды же мүмкүнчүлүктөрдү колдонууга шарт түзүү үчүн биз сизден белгилүү бир жеке маалыматтарды сурашыбыз мүмкүн. 

Мындай жеке маалыматтар төмөнкүлөрдү камтышы мүмкүн, бирок муну менен эле чектелбейт: 

  • сиздин аты-жөнүңүз; 
  • уюмуңуздун аталышы (эгер бар болсо); 
  • электрондук почта дарегиңиз; 
  • почта дарегиңиз жана 
  • телефон номериңиз. 

Айрым кызматтарды колдонууда сизден чектелген көлөмдөгү медициналык маалыматтарды берүү да талап кылынышы мүмкүн. Кээ бир жеке маалыматтарды берүү милдеттүү болуп саналат. Эгер сиз мындай маалыматтарды берүүдөн баш тартсаңыз, Сайттын айрым бөлүктөрүнө кирүү мүмкүнчүлүгү чектелиши же биз сиздин сурооңузга жооп бере албай калышыбыз мүмкүн. 

Жалпысынан алганда, түздөн-түз же кыйыр түрдө тирүү жеке адамга байланышкан бардык маалыматтар жеке маалымат болуп эсептелет. Буга адамдардын аты-жөнү аталбаса да, алардын сүрөттөрү жана үн жазуулары кирет. Ошондой эле шифрленген маалыматтар жана IP-дарек сыяктуу электрондук идентификаторлордун ар кандай түрлөрү, эгер алар белгилүү бир адам менен байланыштырылышы мүмкүн болсо, жеке маалымат катары каралат. 

Макулдук 

Сайттын сизден жеке маалыматтарды киргизүүнү талап кылган ар бир бөлүгүндө ушул Купуялуулук саясатына шилтеме жайгаштырылат. Ушул Купуялуулук саясатына макул болуу жана тиешелүү жерлерде же башка ыкмалар аркылуу жеке маалыматтарыңызды берүү менен, сиз Diaverum компаниясынын ушул саясатта көрсөтүлгөн тартипте сиздин жеке маалыматтарыңызды чогултуусуна жана колдонушуна макул экениңизди ырастайсыз. 

Жеке маалыматтарды колдонуу 

Жеке маалыматтарды чогултуудан мурда биз алар кандай максатта чогултулуп жатканын аныктайбыз. Сиздин жеке маалыматтарыңыз ошол максаттарды ишке ашыруу үчүн гана колдонулат жана маалымат суралган учурда биз сизге бул максаттар тууралуу маалымдайбыз. Мисалы, биз сизге өнүмдөрдү же кызматтарды сунуштоо үчүн, же сиз сураган өнүмдөр жана кызматтар үчүн эсеп-фактура даярдоо максатында жеке маалыматтарды чогултуп жана колдоно алабыз. Ошондой эле биз сизди кызыктырышы мүмкүн деп эсептеген өнүмдөр жана кызматтар тууралуу маалыматтарды жөнөтүү же башка байланыш максаттарында бул маалыматтарды колдонушубуз мүмкүн. 

Жеке маалыматтарды чогултуу, сактоо жана колдонуу төмөнкү мыйзамдуу негиздерге таянат: 

  • мыйзамдуу кызыкчылык — жекелештирилген өнүмдөрдү жана кызматтарды сунуштоо, веб-сайтыбызды жана бизнесибизди башкаруу, сайтты сиз үчүн ыңгайлаштыруу, сайттагы кызматтарды пайдаланууга мүмкүнчүлүк берүү, ошондой эле сайтка байланыштуу кайрылууларды жана даттанууларды кароо үчүн; 
  • макулдук — сиздин жеке маалыматтарыңызды колдонууга карата так жана аң-сезимдүү макулдугуңуз; 
  • келишимдик зарылдык — эгер сиз менен биздин ортобузда келишим түзүлсө. 

Сиздин маалыматтарыңыз белгиленген максаттарды ишке ашыруу үчүн зарыл болгон мөөнөттөн ашык сакталбайт. Ошондой эле мыйзамдык же жөнгө салуучу талаптарды аткаруу үчүн, же болбосо сиз макулдугуңузду кайра кайтарып алганга чейинки убакыттан ашык сакталбайт. 

Сиздин жеке маалыматтарыңыздын негизинде профилдөө же автоматташтырылган чечим кабыл алуу жүргүзүлбөйт. 

Эгер сиз бизге түздөн-түз электрондук кат жөнөтсөңүз, анда ал каттагы жеке маалыматтар ушул Купуялуулук саясатына жана сиздин купуялуулугуңузду урматтоо принциптерине ылайык иштетилет. 

Үчүнчү жактарга маалымат берүү 

Биз сиздин жеке маалыматтарыңызды ушул Купуялуулук саясатында көрсөтүлгөн учурлардан тышкары үчүнчү жактарга сатпайбыз, бөлүшпөйбүз жана башка жол менен таратпайбыз. Бирок маалыматыңыз алгач кандай максатта чогултулган болсо, ошол максаттарды ишке ашыруу үчүн биз аны Diaverum компаниясынын аффилирленген жактарына же келишимдик негизде кызматташкан үчүнчү жактарга өткөрүп беришибиз мүмкүн. Мисалы, кызмат көрсөтүү, баалоо жүргүзүү же техникалык колдоо көрсөтүү максатында. Мындай өткөрүп берүү тиешелүү аффилирленген жак же үчүнчү жак Diaverum менен түзүлгөн келишимге ылайык жеке маалыматтарды макулдашылган максаттарда гана жана маалымат алгач чогултулган чектин алкагында колдонууга милдеттендирилген учурда гана жүзөгө ашырылат. 

Колдонуудагы мыйзамдардын, сот чечимдеринин же мамлекеттик жөнгө салуучу талаптарынын негизинде талап кылынса, ошондой эле юридикалык же кылмыш ишин иликтөөгө көмөк көрсөтүү зарыл болгон учурларда, биз сиздин жеке маалыматтарыңызды ачыкка чыгарышыбыз мүмкүн. 

Мындан тышкары, компания кайра уюштурулган, бириктирилген же сатылган учурда, сиздин жеке маалыматтарыңыз тиешелүү үчүнчү жакка өткөрүлүшү мүмкүн. Мындай учурда ал тарап бул маалыматтарды ушул Купуялуулук саясатына ылайык иштетүүгө милдеттенет. 

Ошондой эле биз ушул бөлүмдө сүрөттөлгөн маалыматтарды чогултуу жана иштетүү иштерине көмөк көрсөтүү үчүн тышкы кызмат көрсөтүүчүлөрдү тартуубуз мүмкүн. Мындай бардык үчүнчү жактар жогоруда көрсөтүлгөн милдеттенмелерди сактоого тийиш. 

Сиздин укуктарыңыз 

  • Сиз тууралуу кандай жеке маалыматтар иштетилип жатканын билүүгө жана алардын көчүрмөсүн талап кылууга укуктуусуз. 
  • Эгер сиз тууралуу маалымат туура эмес болсо, аны оңдоону талап кылууга укуктуусуз. Айрым учурларда жеке маалыматтарды өчүрүүнү да талап кыла аласыз (мисалы, эгер жеке маалымат алгачкы максат үчүн мындан ары зарыл болбой калса). 
  • Эгер сиз белгилүү бир максат үчүн жеке маалыматтарыңызды иштетүүгө макулдук берген болсоңуз, анда бул макулдукту каалаган убакта кайтарып ала аласыз. 
  • Ошондой эле жеке маалыматтарыңызды айрым жолдор менен иштетүүгө каршы чыгууга жана алардын иштетилишин чектөөнү талап кылууга укуктуусуз. Бирок маалыматтарды чектөө же өчүрүү биздин айрым милдеттенмелерибизди аткарууга тоскоол болушу мүмкүн экенин эске алыңыз. 
  • Сиз жеке маалыматтарыңызды машина окуй ала турган форматта алууга жана аларды башка маалымат көзөмөлдөөчүгө өткөрүп берүүгө укуктуусуз. 

Сиздин бардык суроо-талаптарыңыз өз убагында жана тиешелүү тартипте каралат. Жеке маалыматтарды өчүрүү боюнча өтүнмөлөр колдонуудагы мыйзамдык жана жөнгө салуучу талаптардын негизинде каралат. 

Өз укуктарыңызды ишке ашыруу үчүн төмөнкү дарекке кайрылсаңыз болот: 

Diaverum AB 

Почта дареги: Hyllie Boulevard 39 

SE 215 37 Malmö 

Sweden (Швеция) 

Телефон номери: +46 46 287 3000 

Эгер биздин жеке маалыматтарды иштетүү тартибибиз боюнча нааразычылыгыңыз же каршы пикириңиз болсо, тиешелүү маалыматтарды коргоо боюнча көзөмөл органынын дарегине расмий арыз менен кайрылууга укуктуусуз. 

Коопсуздук жана Купуялуулук 

Сиздин жеке маалыматтарыңыздын коопсуздугун жана купуялуулугун камсыз кылуу үчүн биз тармактык стандарттарга жооп берген коргонуу чараларын колдонобуз. Аларга брандмауэрлер (файрвол), сырсөз менен коргоо жана башка техникалык механизмдер кирет. Биз жеке маалыматтарыңызды жоготуп алуу, туура эмес колдонуу, уруксатсыз жетүү, ачыкка чыгаруу, өзгөртүү же жок кылуудан коргоо үчүн тиешелүү техникалык жана уюштуруучулук чараларды көргөнбүз. 

Жеке маалыматтарды чет өлкөгө өткөрүп берүү 

Diaverum эл аралык компания болгондуктан, биздин маалымат базалары ар кайсы өлкөлөрдө жайгашкан. Ошондуктан сиздин жеке маалыматтарыңыз жашаган өлкөңүздөн тышкары жайгашкан Diaverum компаниясынын маалымат базаларынын бирине өткөрүлүшү мүмкүн. Мунун натыйжасында маалыматтарыңыз Европа экономикалык аймагынан (ЕЭА) тышкаркы өлкөлөргө өткөрүлүшү мүмкүн. Ал өлкөлөрдүн маалыматтарды коргоо мыйзамдары ЕЭА мыйзамдарынан айырмаланышы мүмкүн. Эгер биз сиздин жеке маалыматтарыңызды ЕЭАдан тышкары өткөрүп берсек, анда аларды тийиштүү деңгээлде коргоону камсыз кылуу үчүн зарыл чараларды көрөбүз. Буга тийиштүү коопсуздук чараларын, стандартташтырылган маалыматтарды коргоо келишимдерин же Европа Биримдигинин маалыматтарды коргоо деңгээлинин шайкештиги жөнүндөгү чечимдерин колдонуу кирет. Биз жеке маалыматтарды коргоо деңгээли жетишсиз болгон ЕБ/ЕЭАдан тышкары өлкөгө төмөнкү учурларда гана өткөрө алабыз: сиздин так жана маалымдалган макулдугуңуз менен; келишимдик милдеттенмелерди аткаруу үчүн; юридикалык талаптарды же укуктук дооматтарды камсыз кылуу үчүн. 

Өзгөртүүлөр тууралуу билдирүү 

Diaverum бул Купуялуулук саясатына мезгил-мезгили менен өзгөртүүлөрдү киргизүү укугун өзүнө калтырат. Акыркы өзгөртүү киргизилген дата ушул саясаттын аягында көрсөтүлөт. Эгер саясатка же сиздин жеке маалыматтарыңызды колдонуу тартибине өзгөртүүлөр киргизилсе, алар ушул баракчага жарыяланат. Ошондуктан Купуялуулук саясатын үзгүлтүксүз текшерип турууну сунуштайбыз. Эгер кандайдыр бир учурда биз сиздин жеке маалыматтарыңызды алар чогултулган учурда көрсөтүлгөн максаттардан башкача ыкма менен колдонгубуз келсе, анда сиз бизден бул тууралуу билдирүү алууга жана зарыл болгон учурда маалыматыңызды ошол жаңы ыкма менен колдонууга макулдук берүүгө укуктуусуз. 

Суроолор жана комментарийлер 

Эгер Купуялуулук жөнүндө билдирүү, Cookie файлдарын колдонуу саясаты же Колдонуу шарттары боюнча суроолоруңуз же сунуштарыңыз болсо, төмөнкү дарек аркылуу биз менен байланышсаңыз болот: 

Diaverum AB 

Каттоо номери: 559140-5344 

Hyllie Boulevard 39 

215 37 Malmö 

Sweden (Швеция) 

Телефон номери: +46 46 287 30 00 

Акыркы өзгөртүү киргизилген дата: 2020-жылдын 8-июлу.