Diaverum — социалдык тармактардагы купуялуулук жөнүндө маалыматтык билдирүү 

Биз социалдык тармактарда барбыз, ошондуктан сиз биздин жаңылыктардан кабардар болуп, суроолорду берип, сунуштарды киргизип, сүрөттөрдү жайгаштырып жана Diaverum компаниясына тиешелүү темалар боюнча өз пикириңизди билдире аласыз. Биздин социалдык тармактардагы баракчаларыбыз Facebook, X (Twitter), InstagramYouTube жана LinkedIn платформаларында жайгашкан. 

Биз социалдык тармактардагы ишмердүүлүгүбүздү өзүбүз башкарабыз. Эгер сиз бизге социалдык тармак аркылуу купуя же жеке билдирүү жөнөтсөңүз, ал сиздин сурооңузга жооп берилгенге чейин же маселе толук чечилгенге чейин сакталат. Бул маалыматтар башка уюмдарга берилбейт. 

Биз сиздин Diaverum менен болгон бардык социалдык тармактардагы өз ара аракеттенүүлөрүңүздү  көрө алабыз жана аларды кандай тартипте иштетүүнү өзүбүз аныктайбыз. Мисалы, эгер сиз социалдык тармак аркылуу жооп талап кылган билдирүү жөнөтсөңүз, биз аны суроо-талап же даттануу катары карап, тиешелүү тартипте иштетишибиз мүмкүн. 

Эгер сиз Diaverum компаниясы менен социалдык тармак аркылуу байланышсаңыз, анда ошол платформанын купуялуулук саясаты менен да таанышып чыгууну сунуштайбыз. 

Социалдык тармактардын операторлору 

Социалдык тармактардын операторлору, адатта, колдонуучулардын жүрүм-турумун талдай алышат. Бул сиз алардын платформасына түз киргенде же алардын социалдык медиа элементтери (мисалы, “Like” баскычы же баннердик жарнамалар) жайгашкан үчүнчү жактын сайттарына кирген учурда да болушу мүмкүн. Сиз Diaverum компаниясынын социалдык тармактардагы баракчаларына киргенде, сиздин жеке маалыматтарыңыз ошол платформалардын операторлору тарабынан дагы иштетилет. 

Эгер сиз социалдык тармактагы аккаунтуңузга кирген абалда биздин баракчага баш баксаңыз, платформа оператору бул кирүүнү сиздин колдонуучу аккаунтуңузга байланыштырып каттай алат. Айрым учурларда жеке маалыматтарыңыз аккаунтуңузга кирбегенде же такыр аккаунтуңуз жок болсо да чогултулушу мүмкүн. Мындай маалыматтар түзмөгүңүздө сакталган cookie файлдары аркылуу же IP-дарегиңизди каттоо жолу менен алынат. 

Бул маалыматтардын негизинде социалдык тармактардын операторлору сиздин кызыгууларыңызга жана артык көргөн нерселериңизге жараша колдонуучу профилдерин түзүшү мүмкүн. Мунун негизинде сизге кызыгууңузга ылайыкташтырылган жарнамалар социалдык тармактын ичинде да, сыртында да көрсөтүлүшү мүмкүн. Эгер сиз бир нече түзмөктө аккаунтуңузга кирген болсоңуз, мындай жарнамалар ошол түзмөктөрдүн бардыгында көрсөтүлүшү мүмкүн. 

Ошондой эле белгилей кетүү керек: биз социалдык тармак платформаларындагы бардык маалымат иштетүү процесстерин көзөмөлдөй албайбыз. Платформанын операторлору өз ички эрежелерине жараша кошумча маалымат иштетүү аракеттерин жүргүзүшү мүмкүн. Бул тууралуу толук маалыматты тиешелүү социалдык тармактын колдонуу шарттарынан жана купуялуулук саясатынан таба аласыз. 

Укуктук негиз 

Diaverum компаниясынын социалдык тармактардагы катышуусу интернет мейкиндигинде кеңири жеткиликтүүлүктү камсыз кылат. Социалдык тармактардагы жеке маалыматтарды иштетүү биздин мыйзамдуу бизнес кызыкчылыктарыбыздын алкагында жүргүзүлөт жана бул компаниянын ичиндеги жана тышындагы ар кандай кызыкдар тараптар менен натыйжалуу байланыш түзүүгө мүмкүндүк берет. 

Социалдык тармак операторлору тарабынан жүргүзүлгөн маалыматтарды иштетүү ар кандай укуктук негиздерге таянышы мүмкүн. Алардын ар бири тиешелүү оператор тарабынан өзүнчө аныкталат (мисалы, Маалыматтарды коргоонун жалпы регламентинин 6-беренесинин 1-бөлүгүнүн “а” пунктуна ылайык берилген макулдук). 

Биздин жоопкерчилик жана Сиздин укуктарыңыз 

Сиз биздин социалдык тармактардагы расмий баракчаларыбыздын бирине киргенде, биз платформа оператору менен биргеликте маалыматтарды иштетүү үчүн жоопкерчилик тартабыз. Сиз өз укуктарыңызды (маалымат алуу, оңдоо, өчүрүү, иштетүүнү чектөө, маалыматтарды башка жакка өткөрүү жана даттануу) Diaverum компаниясына, ошондой эле социалдык тармак операторуна кайрылуу аркылуу ишке ашыра аласыз. 

Ошондой эле сиз өзүңүз тандаган маалыматтарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга даттануу менен кайрылууга укуктуусуз. 

Биз социалдык тармак операторлору жүргүзгөн маалымат иштетүү процесстерине толук таасир эте албайбыз. Биздин мүмкүнчүлүктөр тиешелүү платформанын ички саясаты жана эрежелери менен чектелет. 

Маалыматтарды сактоо мөөнөтү 

Социалдык тармактардагы баракчаларыбыз аркылуу түздөн-түз чогултулган маалыматтар аларды иштетүүнүн максаты жоголгондон кийин, сиз өчүрүүнү талап кылганда же мурда берилген макулдугуңузду кайтарып алганда биздин тутумдардан өчүрүлөт. Cookie файлдары болсо алардын жарактуулук мөөнөтү бүткөнгө чейин же сиз аларды түзмөгүңүздөн өзүңүз өчүргөнгө чейин сакталуусу мүмкүн. 

Биз социалдык тармак операторлорунун жеке маалыматтарды өз максаттары үчүн канча убакыт сактай турганына көзөмөл жүргүзө албайбыз. Толук маалыматты тиешелүү социалдык тармактардын купуялуулук саясаттарынан таба аласыз. 

Социалдык тармактар 

Facebook 

Facebook платформасында биздин расмий баракчабыз бар. Платформанын оператору: 

Facebook Ireland Limited,4 Grand Canal SquareGrand Canal HarbourDublin 2, Ireland. 

Биз Facebook Ireland Limited менен маалыматтарды иштетүүдө биргелешкен жоопкерчилик тууралуу келишимге (Controller Addendum) кол койгонбуз. Бул келишим биздин Facebook баракчабызга кирген учурда маалыматтарды иштетүүнүн кайсы бөлүгүнө биз, ал эми кайсы бөлүгүнө Facebook жооптуу экенин аныктайт. 

Келишим менен төмөнкү шилтеме аркылуу таанышсаңыз болот: 

https://www.facebook.com/legal/terms/page_controller_addendum 

Жарнамалык жөндөөлөрдү өзүңүздүн аккаунтуңуз аркылуу өз алдынча өзгөртө аласыз. Бул үчүн төмөнкү шилтемеге өтүп, аккаунтуңузга кириңиз: https://www.facebook.com/settings?tab=ads  

Facebook купуялуулук саясаты: www.facebook.com/about/privacy/  

Instagram 

Instagram платформасында биздин расмий баракчабыз бар. Платформанын оператору: Facebook Ireland Limited, 4 Grand Canal SquareGrand Canal HarbourDublin 2, Ireland. 

Жеке маалыматтар кандайча иштетилери тууралуу кененирээк маалыматты Instagram купуялуулук саясатынан көрө аласыз: 

https://help.instagram.com/519522125107875  

X (Twitter) 

X (Twitter) платформасында биздин расмий баракчабыз бар. Платформанын оператору: 

Twitter International CompanyOne Cumberland PlaceFenian StreetDublin 2, D02 AX07, Ireland. 

Жеке маалыматтар кандайча иштетилери тууралуу кененирээк маалыматты X (Twitterкупуялуулук саясатынан көрө аласыз: 

https://twitter.com/privacy  

LinkedIn 

LinkedIn платформасында биздин расмий баракчабыз бар. Платформанын оператору: 

LinkedIn Ireland Unlimited Company, 70 Sir John Rogerson's QuayDublin 2, Ireland. 

Жеке маалыматтар кандайча иштетилери тууралуу кененирээк маалыматты LinkedIn купуялуулук саясатынан көрө аласыз: 

https://www.linkedin.com/legal/privacy-policy 

YouTube 

YouTube платформасында биздин расмий каналыбыз бар. Платформанын оператору: 

Google Ireland LimitedGordon HouseBarrow StreetDublin 4, Ireland. 

Жеке маалыматтар кандайча иштетилери тууралуу кененирээк маалыматты YouTube купуялуулук саясатынан көрө аласыз: 

https://policies.google.com/privacy 

Пикирлер жана комментарийлер 

Биз кардарлардын жана башка колдонуучулардын социалдык тармактар аркылуу калтырган пикирлерин жана сунуштарын жогору баалайбыз. Ошол эле учурда төмөнкү учурларда комментарийлерди же жүктөлгөн материалдарды өчүрүү укугун өзүнө калтырабыз, эгер алар: 

  • жалаа жабуу мүнөзүндө болсо; 
  • мыйзам талаптарын бузса; 
  • алдамчылык же адаштыруучу маалыматтарды камтыса; 
  • адамдардын же компаниялардын аброюна шек келтирсе; 
  • кандай гана формада болбосун орунсуз мазмунду камтыса. 

Социалдык тармактарда ачык жарыяланган комментарийлер жана сүрөттөр бул баракчаларга кирген бардык адамдар үчүн жеткиликтүү экенин унутпаңызАйрым учурларда биз башка адамдардын купуялуулугун жана укуктарын коргоо, ошондой эле мыйзамдык талаптарды сактоо максатында комментарийлерди, сүрөттөрдү же видеолорду өчүрүүгө милдеттүү болушубуз мүмкүн. 

Эгер Diaverum компаниясынын социалдык тармактардагы катышуусу же ушул Купуялуулук жөнүндө билдирүү боюнча суроолоруңуз болсо, info[at]Diaverum[dot]com электрондук почтасына же маалымат операторунун дарегине кат жүзүндө кайрылыңыз: Diaverum AB, Hyllie Boulevard 39, SE 215 37 MalmöSweden. Биздин уюмдун каттоо номери: 559140-5344. 

Diaverum AB компаниясы Маалыматтарды коргоо боюнча жооптуу адисти дайындаган.  

Сиз аны менен se.dpo[at]Diaverum[dot]com электрондук почтасы же жогоруда көрсөтүлгөн почта дареги аркылуу байланыша аласыз. 

Акыркы жаңыртуунун датасы: 2020-жылдын 7-декабры.