Мен сиздерге кереметтүү жана тынч жерден кат жазып жатам. Азыр мен Израилдеги Өлүк деңизинин жээгинде турам, алдымда Иорданиянын тоолору көрүнүп турат. Бул жерде баары тынч жана бейпил. Дал ушундай маанай менен мен өз окуямды бөлүшкүм келет. Мен өзүмдүн диагнозум менен жашаган бейтап дагы толук кандуу жашоо өткөрө аларын айтып бергим келет.
Диализди биринчи жолу баштаган күнүм бүгүнкүдөй эсимде. Бул 2017-жылдын 19-апрели болчу. Катетер коюу үчүн операциялык бөлмөгө кирип, андан кийин дароо диализди баштагам. Биринчи дарылоо үч саатка созулган. Ошол учурда бул тууралуу көп сүйлөгүм келген эмес, анткени диагнозду кабыл ала элек болчумун. Бул абалды кабыл алуу оңой болгон жок. Кан тобу мага туура келген донор табылабы деп туугандарыма жана досторума телефон чалып жүрдүм. Тилекке каршы, ылайыктуу донор табылган жок.
Он күндөн кийин уулум Гильерме жарык дүйнөгө келди. Ал өмүрүмдөгү эң чоң сүйүүм болду. Колума жаңы төрөлгөн, үч килограммдан бир аз ашкан наристемди көтөрүп турганымды эстейм. Ошол учурда өзүмө: «Эми мен сен үчүн жашоону тандайм», – деп айткам.
Ошол он күндүн ичинде мен өз диагнозум менен кантип жашоону түшүнө баштадым. Оору тууралуу жана диализдин өзү жөнүндө көбүрөөк маалымат издей баштадым. Ошондо мен бир чечимге келдим: оору мени жеңбейт. Бүгүнкү күндө өзүмдү мурдагыдан да бактылуу сезип, өмүр бою кыялданган жашоону жашап жатканыма алып келген төрт кадам менен бөлүшкүм келет.
Биринчи кадам – терс ойлордон жана зыяндуу көз караштардан арылуу
Медициналык корутундумда бөйрөгүмдүн иштөө жөндөмү 71,4% жоголгону жазылган эле. Дарылоодон кийин денем ушунчалык чарчачу болгондуктан, кийинки күндү көбүнчө уктап же эс алып өткөрчүмүн. Күзгүгө карап өзүмдү аяган учурларым көп болду. Мен болгону 28 жашта элем жана эми өмүр бою аппаратка туташып жашайм, мындан ары иштей албайм деп ойлочумун.
Мындай учурда көпчүлүгүбүз: «Эми адамдар мени кандай кабыл алышат?» – деп ойлойбуз. Ушундай ойлор айланадагы бардык нерсеге нааразы болууга түртөт. Алар бизди эч ким сүйбөйт деген ишенимге жетелеши мүмкүн. Ошондо биз өзүбүздүн чыныгы баалуулугубузду унутуп калабыз. Мен үчүн биринчи күрөш дал ушул терс маанайдан арылуу болду. Ооруну жана дарылоону түшүнө баштаганым мага диализдин жашоомду сактап калганын аңдоого жардам берди.
Диализди жаман нерсе катары эмес, тескерисинче, бизге жакындарыбыз менен жашоону жана сүйгөн ишибизди улантууга мүмкүнчүлүк берген дарылоо катары кабыл алганда гана чындап бактылуу боло алабыз. Мен ушуну түшүнгөндөн кийин жашоомдогу жакшы нерселер үчүн көбүрөөк ыраазы боло баштадым жана даттанууну токтоттум.
Экинчи кадам – өз мүмкүнчүлүктөрүңүздү таануу
Мен эмнени жакшы жасайм? Эмне мага чындап жагат? 2017-жылдын февраль айында туристтик компания ачып, өмүрүмдө биринчи жолу өз алдынча иштей баштагам. Бул алдын ала пландаган иш эмес болчу, бирок мага чындап жаккан ишке көп каражат жумшадым.
«Ар бир диализден кийин ушунчалык чарчасам, кантип иштей алам?» деген суроо мени көп түйшөлтчү. Келечек тууралуу коркуу сезими өзүмдөн мүмкүн болбогон нерселерди талап кылууга алып келди. Ошондуктан дайыма нааразы болуп жүрдүм. Акырында түшүндүм: эң туура жол — так жана жетүүгө мүмкүн болгон максаттарды коюу экен.
Алгач өзүмдүн күчтүү жактарымды бааладым. Айрым күндөрү көңүлүм чөгөрүн кабыл алдым. Диализ болгон күндөрдү эс алуу күнү катары көрүп, дарылоо болбогон күндөрү көбүрөөк аракет кылууну чечтим. Ушундай өзгөрүү мага жаңы күч берди. Ишке шыктануу менен киришип, кардарлар менен ишенимдүү сүйлөшө баштадым. Натыйжада сатуулар өсүп, компаниямдын максаттары ишке аша баштады.
Чыныгы жашоого ылайыкташууга өзүңүзгө мүмкүнчүлүк берүү — бактылуу жашоонун эң маанилүү шарттарынын бири.
Үчүнчү кадам – азыркы учурга көңүл буруу
Көпчүлүгүбүз келечекти пландайбыз жана бул туура. Бирок жашоо азыр болуп жатканын унутпашыбыз керек. Максаттарыбызды кайра карап чыгып, ишке ашпай калган учурда көңүлүбүз чөкпөшү үчүн аларды туура баалоо маанилүү. Азыркы учурга көңүл буруу ар бир күндүн, ар бир мүнөттүн баркын түшүнүүгө жардам берет. Ошондо биз өзүбүзгө же башкаларга таарынып убакыт коротпойбуз. Ар бир кичинекей ийгилик бизге кубаныч тартуулайт. «Мен колумдан келгенди жакшы аткарып жатам» деген ой күнүмдүк жашоодо дагы өзүн бактылуу сезүүгө жардам берет.
Төртүнчү кадам – өзүңүздү кабыл алуу, каталардан сабак алуу жана ар дайым ыраазы болуу
Өзүбүздү кабыл алуу жаңы жашоону баштоого жардам берет. Диализ мен үчүн жаңы башталыш болду. Жашоону өзгөртүп, дарылоону анын ажырагыс бөлүгү катары кабыл алуу керек экенин түшүндүм. Өзүбүздү оорубаган адамдар менен салыштырып, кем сезүүдөн баш тартуу өзүбүзгө болгон мамилени жакшыртат. Бул жумушта да, үй-бүлөдө да, күнүмдүк турмушта да чоң өзгөрүү алып келет.
Дарыланууга кеткен убакыт биздин бош убактыбыздын бир бөлүгүн алат. Ошондуктан дарылоо жок убакытты мүмкүн болушунча толук кандуу өткөрүүгө аракет кылышыбыз керек.
Жашоо — бул ката кетирүү жана ошол каталардан сабак алуу. Чектөөлөрүбүздү туура пайдаланып, өзүбүздү өнүктүрүп, башкаларга үлгү болууга умтулушубуз керек. Бул айланадагылардын баарына даттануудан алда канча жакшы.
Ыраазычылык — адам сезе ала турган эң күчтүү сезимдердин бири. Жөнөкөй нерселер үчүн дагы, чоң аракет менен жетишкен ийгиликтер үчүн дагы ыраазы болуу керек. Ыраазы болгондо биз өзүбүзгө: «Мен жеңүүчүмүн. Бул оору менин жашоомдун башкы каарманы болбойт», – деп айтабыз.
Бүгүн мен өзүмдү жеңүүчү катары сезем. Ал эми сиз дагы жеңүүчү болгуңуз келеби?