Биз медициналык жардамды кантип көрсөтөбүз
Бардык клиникаларыбызда бирдей жогорку сапатты камсыз кылуу үчүн клиникалык жана медициналык стандарттарга негизделген, жашоонун сапатын жакшыртууга багытталган нефрологиялык жардамды сунуштайбыз.
Сиздин дарылануу жыйынтыгыңыз жана коопсуздугуңуз — биздин эң башкы артыкчылыгыбыз. Ошондуктан биз ушул багыттарды негизги орунга койгон медициналык жардам көрсөтүү моделин иштеп чыкканбыз. Бардык ишмердүүлүгүбүз катуу талаптарга ылайык жүргүзүлөт жана бөйрөк ооруларын дарылоодогу жаңы жетишкендиктер менен технологиялардын өнүгүшүнө жараша үзгүлтүксүз жаңыланып турат. Бул инновациялардын көпчүлүгү Diaverum компаниясынын ичинде иштелип чыгат.
Diaverum тарабынан сунушталган медициналык жардам 5 негизги стандартка таянат:
- Клиникалык стандарттар: жогорку сапатты жана бейтаптын коопсуздугун камсыз кылган саясаттар жана жол-жоболор;
- Медициналык стандарттар: эң натыйжалуу жардам көрсөтүү аркылуу дарылоонун натыйжалуулугун жогорулаткан комплекстүү ыкмалар;
- Ишмердүүлүктүн натыйжалуулугун баалоо: медициналык көрсөткүчтөрдү жана дарылоонун жыйынтыктарын туруктуу көзөмөлдөө жана талдоо;
- Бейтаптарды жана кызматкерлерди окутуу — онлайн жана оффлайн форматтарда билим берүү;
- Илимий изилдөөлөр: бейтаптар үчүн эң маанилүү маселелерге багытталган изилдөөлөр.
Биздин ыкма дайыма өнүгүп жана өркүндөтүлүп турат. Ички саясаттарыбыз менен жол-жоболорубуз бейтаптардын жана кызматкерлердин пикирлерин, ички аудиттердин жыйынтыктарын, сурамжылоолорду, ошондой эле улуттук жөнгө салуучу органдардын талаптарын эске алуу менен үзгүлтүксүз жаңыртылып турат. Diaverum’дун бардык клиникалык практикалары далилдүү медицинанын принциптерине негизделет жана заманбап окутуу менен кесиптик өнүгүү программалары аркылуу колдоого алынат. Алардын катарында кеңири аудиторияга арналган d.ACADEMY билим берүү платформасы да бар.
Ачыктык жана айкындуулук — биздин ишмердүүлүктүн маанилүү бөлүгү. Клиникалык натыйжалуулукту баалоо системасы медициналык көрсөткүчтөрдү өзүнчө клиникалардын ичинде да, дүйнө жүзүндөгү Diaverum клиникаларынын ортосунда да талдап, салыштырып турууга мүмкүнчүлүк берет.
Медициналык жардамдын жогорку деңгээлин камсыз кылууга көмөктөшкөн технологиялык чечимдер тууралуу кеңири маалыматты [4.3-бөлүмгө гипершилтеме] бөлүмүнөн таба аласыз. Алардын катарына компаниянын өзүнүн санариптик иштеп чыгуулары кирет: d.CARE нефрологиялык маалыматтарды башкаруу системасы, дарылоо боюнча сунуштар системасы (TGS), дары-дармек боюнча кеңеш берүү системасы (PGS), ошондой эле d.ACADEMY виртуалдык билим берүү платформасы.

Бул санариптик инструменттер дарылоо процесстерин стандартташтырууга, бейтаптардын коопсуздугун жогорулатууга жана дарылоонун натыйжалуулугун жакшыртууга, ошол эле учурда клиникалардагы иш процесстерин натыйжалуу башкарууга шарт түзөт.