13-май күнү өткөн 2026-жылдагы d.HOLIDAY конференциясы Сопот шаарында, Польшада 22 өлкөдөн келген 50дөн ашуун саламаттыкты сактоо адистерин, бейтаптардын ассоциацияларын, туристтик өнөктөштөрдү жана Diaverum өкүлдөрүн бир жерге чогултту. Алардын бардыгын бир максат бириктирди — дүйнө жүзүндөгү диализ алган бейтаптар үчүн саякаттоону жеткиликтүүрөөк, коопсузураак жана ыңгайлуураак кылуу. 

Конференция ички стратегиялык сессия менен башталып, анын жүрүшүндө дүйнөлүк d.HOLIDAY командалары жана Diaverum жетекчилигинин өкүлдөрү d.HOLIDAY эс алуу учурундагы диализ программасынын келечектеги өнүгүү багыттарын талкуулашты. 

Сессиянын жүрүшүндө Diaverum компаниясынын башкы директору Рафаэль Романини саякат учурундагы диализ кызматтары Diaverum компаниясынын «чыныгы кам көрүү» маданиятын (True care culture)  жана бейтаптарга толук кандуу жашоо мүмкүнчүлүгүн түзүүгө болгон умтулуусун чагылдырарын белгиледи. Ал диализ жана саякат тууралуу түшүнүктү өзгөртүүнүн маанилүүлүгүнө токтолуп, бейтаптарга диализ алардын жашоодон ырахат алуу жана дүйнөнү таанып-билүү эркиндигин чектебеши керек экенин түшүндүрүү зарылдыгын баса белгиледи. 

Бул колдоонун маанилүү бөлүгү болуп Diaverum компаниясынын дүйнөлүк d.HOLIDAY координаторлор тармагы саналат. Алар бейтаптарды сапарга даярдануудан тартып логистикалык маселелерди уюштурууга жана дарылоо процессин координациялоого чейин бардык этаптарда коштоп, аларга өздөрүн ишенимдүү жана тынч сезип саякаттоого жардам беришет. 

Ошондой эле сессиянын алкагында Diaverum тарабынан иштелип чыккан бөйрөк ден соолугу боюнча жасалма интеллектке негизделген жаңы жардамчы —kidney.com тааныштырылды. Учурда ал БАЭ (Бириккен Араб Эмирликтери), Франция, Германия, Португалия жана Улуу Британияда жеткиликтүү. 

Күндүн бардык катышуучулар үчүн ачык болгон экинчи бөлүгүндө Diaverum өкүлдөрүнүн жана чакырылган баяндамачылардын бир катар презентациялары өттү. 

Diaverum Poland (Польша) компаниясынын өлкөлүк менеджери Михал Ковальски программаны «d.HOLIDAY аркылуу Польшаны таануу» аттуу баяндама менен ачты. Ал Польшадагы Diaverum компаниясынын күчтүү позициясын көрсөтүп, өлкө боюнча жайгашкан 22 клиника тууралуу айтып берди жана Польшанын эс алуу учурунда диализ алган бейтаптар үчүн жагымдуу багыт экенине көңүл бурду. 

Андан кийин Diaverum компаниясынын медициналык маселелер боюнча вице-президенти Карлос Лукас «Жашоонун сапатын жакшырткан саякат» аттуу баяндама жасап, диализдин бейтаптардын кыймыл-аракетине, өз алдынчалуулугуна жана социалдык эркиндигине тийгизген таасирин талдап берди. Ал саякат учурунда бейтаптар туш болгон кыйынчылыктар тууралуу айтып, эс алуу жана мобилдүүлүк жалпы жыргалчылык менен жашоонун сапатын жогорулатууда канчалык маанилүү роль ойной турганын баса белгиледи. Ошондой эле доктор Лукас туура пландоо, натыйжалуу координация жана жогорку клиникалык стандарттар сакталган шартта диализ алган бейтаптардын көпчүлүгү үчүн саякат коопсуз жана мүмкүн экенин белгиледи. 

Конференцияда бейтаптардын жеке көз караштарына да орун берилди. Диализ алган бейтап Салех Франсиско Эс-Синави Торрегроса диализ алып жүргөн учурдагы саякаттоо тажрыйбасы менен бөлүшүп, диализ жашоонун бир гана бөлүгү экенин жана ал адамдардын саякат пландарын ишке ашыруусуна тоскоол болбошу керектигин эске салды. Диализ алган бейтаптын кызы жана анын туруктуу сапарлаш өнөктөшү Наталия Грабовска да коопсуз, колдоого негизделген жана жагымдуу саякат тажрыйбасын түзүүдөгү үй-бүлөнүн ролу тууралуу маанилүү көз карашын сунуштады. 

Конференциянын дагы бир өзгөчө коногу CareUnderSun компаниясынын негиздөөчүсү Сабина Свиталла болду. Ал өзүнүн компаниясы медициналык муктаждыктары бар адамдар үчүн Грецияда жеткиликтүү жана ыңгайлуу саякаттарды уюштурууга кандайча көмөк көрсөтөрү тууралуу баяндама жасады. 

Улуу Британиядагы бөйрөк оорулары менен жашаган бейтаптарды колдоо боюнча алдыңкы кайрымдуулук уюмдардын бири болгон Kidney Care UK уюмунун саясат боюнча директору Фиона Лауд «Саякаттоого болгон ишеним: диализ алган адамдар өздөрүн коопсуз, колдоого алынган жана өз күчүнө ишенгендей сезиши үчүн эмне керек?» аттуу баяндама жасады. Ал бейтаптык уюмдар менен кайрымдуулук фонддорунун бейтаптарды ишенимдүү саякаттоого шыктандырууда жана мындай мүмкүнчүлүктөрдү түзүүдө маанилүү роль ойной турганын белгиледи. 

Конференциянын негизги учурларынын бири болуп Diaverum компаниясынын Глобалдык бейтаптык тажрыйба жана кызыкдар тараптар менен өз ара аракеттенүү боюнча директору Микаэла Блумстранд алып барган «Көбүрөөк бейтаптардын саякаттоосуна мүмкүнчүлүк түзүү үчүн мындан ары эмне кылуу керек?» аттуу панелдик талкуу болду. 

Панелдик талкууга ички жана тышкы эксперттердин кеңири курамы катышты. Алардын арасында Бөйрөк оорулары менен жашаган бейтаптардын Европа федерациясынын (EKPF) президенти Даниэль Гальегоbookdialysis.com платформасынын байланыш борборунун жетекчиси Димитриос Сотиропулос, дүйнөнү кыдырган саякатчы жана трансплантациядан өткөн бейтап Филипе Алмейда, ошондой эле Diaverum Saudi Arabia (Сауд Арабиясы) компаниясынын d.HOLIDAY координатору Валаа Альсаббаг болду. Талкуунун бардык катышуучулары саякат боюнча маалымдуулукту жогорулатуу зарыл экенин, бул адамдардын ишенимин бекемдөөгө жана туура пландоо менен жетиштүү колдоонун жардамы аркылуу диализ алып жатып да саякаттоого болорун түшүнүүгө жардам берерин белгилешти. 

Иш-чара интерактивдүү семинарлардын сериясы менен жыйынтыкталып, андан соң катышуучулар Гдыня шаарындагы Diaverum клиникасына барышты. 

d.HOLIDAY программасы боюнча глобалдык кардарлар менен иштөө менеджери Эленор Мортенссон төмөнкүлөрдү белгиледи: 

«2026-жылдагы d.HOLIDAY конференциясы саламаттыкты сактоо адистери, бейтаптардын кызыкчылыгын коргогон өкүлдөр, туристтик өнөктөштөр жана бейтаптар бир максаттын айланасына бириккенде кандай жыйынтыктарга жетүүгө болорун көрсөттү. Биз тажрыйба алмаштык, жаңы идеяларды талкууладык жана диализ алган адамдар үчүн саякаттарды жеткиликтүүрөөк, коопсузураак жана ыңгайлуураак кылуу боюнча милдеттенмебизди дагы да бекемдедик. 

Бул иш-чаранын ийгиликтүү өтүшүнө салым кошкон бардык адамдарга чын жүрөктөн ыраазычылык билдирем. Конференциянын жүрүшүндө түзүлгөн күчтүү демди сактап, бул маанилүү диалогду мындан ары да улантууну чыдамсыздык менен күтөм». 

Микаэла Блумстранд өз сөзүндө мындай деп кошумчалады: «Саякаттоого болгон каалоо адамдын эркин жүрүп-түрүү сыяктуу негизги муктаждыгынан келип чыгат. Diaverum компаниясында биз бейтаптарыбызга ушул эркиндиктен коопсуз жана ишенимдүү түрдө пайдаланууга жардам берүүгө умтулабыз. d.HOLIDAY программасы аркылуу биз бейтаптарга дарылоо процессин үзгүлтүккө учуратпастан саякаттоого жана үй-бүлөсү менен досторуна баалуу убакыт бөлүүгө мүмкүнчүлүк түзөбүз». 

Трансплантация боюнча активдүү күтүү тизмесинде турган бейтаптарга да саякаттоого жардам берген Fly Back программасы жана d.HOLIDAY тууралуу кененирээк маалыматты бул жерден https://d.holiday/en алууга болот.