Өнөкөт бөйрөк оорусу (ӨБО) дүйнө жүзүндө эң тездик менен жайылып жаткан саламаттыкты сактоо көйгөйлөрүнүн бирине айланып, бейтаптарга, коомчулукка жана саламаттыкты сактоо системаларына улам көбүрөөк жүк жаратып жаткан шартта, Швецияда негизделген, нефрологиялык жардам көрсөтүүчү эл аралык компания Diaverum, ошондой эле жасалма интеллект, технология жана геномика тармагындагы дүйнөлүк лидер болгон M42 тобунун курамындагы компания катары, бүгүн kidney.com аттуу жаңы жасалма интеллектке негизделген ден соолук боюнча жардамчыны тааныштырды. Бөйрөктүн ден соолугу тууралуу ишенимдүү жана жекелештирилген билимди адамдар үчүн жеткиликтүүрөөк кылуу максатында түзүлгөн бул платформа бүгүнтөн тартып БАЭ (Бириккен Араб Эмирликтери), Франция, Германия, Португалия жана Улуу Британияда ишке киргизилет. Кийинки этапта башка өлкөлөрдө да жеткиликтүү болот. 

Өнөкөт бөйрөк оорусу олуттуу деңгээлге жеткенге чейин адамдардын 90%га чейини өзүндө бул оору бар экенин билбейт. Ошондой эле көпчүлүк адамдар оорунун өнүгүшүн жайлатуу үчүн зарыл болгон билимге жана ресурстарга ээ эмес. Ушуга байланыштуу kidney.com колдонуучуларга акысыз, жеткиликтүү, интерактивдүү жана жекелештирилген билим берүү мүмкүнчүлүгүн сунуштайт. 

Платформа ишенимдүү клиникалык булактар боюнча окутулган жасалма интеллекттин диалогдук интерфейсине негизделген. Анда бөйрөктүн өнөкөт жана курч мүнөздүү оорулары боюнча далилдүү медицинага негизделген маалыматтар, ошондой эле ар бир колдонуучунун муктаждыгына ылайыкташкан окуу мүмкүнчүлүктөрү камтылган. kidney.com платформасы бул оорунун жайылышы боюнча маалымдуулукту жогорулатып, аны менен күрөшүүгө көмөктөшүүнү максат кылат. 

Изилдөөлөр көрсөткөндөй, жетиштүү маалыматы бар бейтаптар ооруканага 32%га аз жаткырылат жана тез жардам бөлүмдөрүнө 14%га аз кайрылышат. Бул билим берүү медициналык жардамдын натыйжалуулугун жакшыртарын, саламаттыкты сактоо системаларынын чыгымдарын азайтарын жана саламаттыкты сактоо тармагындагы теңсиздикти жоюуга жардам берерин тастыктайт. 

Платформанын кошумча мүмкүнчүлүктөрүнө үн аркылуу башкарууфайл жүктөө аркылуу азык-түлүк жана башка продукциялардын этикеткаларындагы маалыматтарды чечмелөө, ошондой эле көп тилдүү колдоо кирет. Учурда англис, араб, француз, немис жана португал тилдериндеги интерфейстер жеткиликтүү, жакынкы аралыкта башка тилдер дагы кошулат. 

Diaverum компаниясынын башкы директору Рафаэль Романини мындай деди: 

«Diaverum компаниясында нефрологиялык жардам көрсөтүүдөгү олуттуу прогресстин негизи катары илим менен адамга болгон камкордукту айкалыштыруу биздин негизги баалуулуктарыбыздын бири болуп саналат. kidney.com платформасы аркылуу биз бул философияны санариптик мейкиндикке алып чыгып, жасалма интеллектке негизделген билим берүү аркылуу бөйрөктүн ден соолугу боюнча билимди дүйнөнүн каалаган жеринде, суткасына 24 саат бою ар бир адам үчүн жеткиликтүү, актуалдуу жана практикалык жактан пайдалуу кылууга аракет кылып жатабыз. Бул демилге адамдардын толук кандуу жашоосуна көмөк көрсөтүү менен бирге билим берүү, алдын алуу жана инновациялар аркылуу саламаттыкты сактоо системаларынын туруктуулугун колдоого багытталган кеңири милдеттенмебизди чагылдырат». 

ӨБО саламаттыкты сактоо системалары үчүн эң кымбат өнөкөт оорулардын бири болуп эсептелет. Бир гана Европанын өзүндө бул ооруга байланыштуу жылдык чыгымдар болжол менен 140 миллиард еврону түзөт. 

M42 тобунун башкы директору Димитрис Мулавасилис төмөнкүлөрдү белгиледи:  

«M42 компаниясында биз технологиялар адамдардын ден соолугун жакшыртууга кандайча жардам бере аларын жаңыча карап жатабыз. kidney.com күнүмдүк жашоо образы менен байланышкан жана дүйнөдө эң тездик менен өсүп жаткан оорулардын бирине каршы күрөшүү үчүн табигый тилди түшүнгөн алдыңкы жасалма интеллекттин мүмкүнчүлүктөрүн колдонот. Ишенимдүү клиникалык тажрыйбаны интеллектуалдык технологиялар менен айкалыштыруу аркылуу kidney.com бейтаптарга, алардын жакындарына жана жалпы коомчулукка ден соолук боюнча негиздүү чечимдерди кабыл алууга жардам берет. Бул жоопкерчиликтүү жасалма интеллект медициналык жардамды натыйжалуураак кылып, адамдарга өнөкөт бөйрөк оорусун жакшыраак көзөмөлдөөгө жана мүмкүн болгон учурларда анын өнүгүшүн жайлатууга көмөктөшөрүнүн айкын мисалы болуп саналат». 

Саламаттыкты сактоо тармагы жалпы багыттагы жасалма интеллект чечимдеринен адистештирилген системаларга өтүп жаткан учурда, kidney.com реалдуу медициналык практиканы колдоого багытталган, белгилүү бир ооруларга ылайыкташкан чечимдерге болгон кеңири тенденцияны чагылдырат. 

Сапаттуу жана актуалдуу медициналык маалыматты камсыз кылуу максатында kidney.com платформасы 13 өлкөдөн келген 30дан ашык нефрологдун, дарыгердин жана медайымдардын катышуусу менен иштелип чыккан. Платформаны практикалык колдонууга даярдоо үчүн сыноо мезгилинде 14 миңден ашык чаттык өз ара аракеттенүү жүргүзүлгөн. kidney.com жаңы рынокторго чыккан сайын клиникалык адистердин катышуусу улантылат. 

Платформа медициналык түзмөк болуп саналбайт жана диагноз коюу же дарылоо боюнча сунуш берүү үчүн арналган эмес. Ошол эле учурда kidney.com кесипкөй медициналык кеңештерди толуктап, адамдардын өз ден соолугун активдүү башкаруусуна көмөктөшөт жана бардык рыноктордогу купуялуулукту жана маалыматтарды коргоону жөнгө салуучу талаптарга ылайык иштелип чыккан. 

M42 компаниясынын башкы медициналык директору доктор Фернандо Масарио мындай деп кошумчалады: «Билим берүү ар дайым сапаттуу медицинанын негизги бөлүгү болуп келген. Адамдар өзүнүн оорусун жакшы түшүнгөндө, алар дарылоо процессине активдүү катышып, ден соолугу боюнча чечимдерди кабыл алууда көбүрөөк ишенимге ээ болушат. Биз көп жолу байкагандай, бул дарылоого берилгендикти жакшыртып, оордошуулардын тобокелдигин азайтып, натыйжаларды түздөн-түз жакшыртат. kidney.com нефрология тармагындагы татаал жана адистештирилген билимди далилдүү медицинага негизделген жөнөкөй жана түшүнүктүү сунуштарга айлантып, медициналык адистердин маанилүү ролун алмаштырбастан, аны толуктайт. 

Платформа медициналык командалар менен бейтаптардын ортосунда маалыматтуу диалогду жана биргелешкен чечим кабыл алууну колдоп, дарыгерлерге жекелештирилген, алдын алуучу жана натыйжалуу жардам көрсөтүүгө шарт түзөт». 

kidney.com платформасынын ишке киргизилиши Diaverum жана M42 компанияларынын жасалма интеллектке, маалыматтарга жана интеллектуалдык технологияларга негизделген жаңы муундагы саламаттыкты сактоо системаларын түзүүгө болгон жалпы умтулуусун дагы бир жолу тастыктайт. 

Бул платформа жалпы багыттагы жасалма интеллекттен кийинки жаңы стандартты белгилеп, клиникалык жактан адистештирилген жана адамга багытталган системалар аркылуу ишенимдүү медициналык билимди күнүмдүк турмушта түшүнүктүү маалыматка айлантат. Натыйжада адамдар өз ден соолугу боюнча негиздүү чечимдерди кабыл алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуп, маалыматтарга негизделген акылдуу медициналык жардамдын өнүгүшүнө салым кошулат.