«ДИАВЕРУМ ДИСТРИБЬЮШН КГ»  ЖЧКсы 

Кыргызстан боюнча бейтаптарыбыздын муктаждыктарын канааттандыруу   

«ДИАВЕРУМ ДИСТРИБЬЮШН КГ» өз ишин 2021-жылы Nipro компаниялары менен диализ үчүн жабдууларды жана чыгымдалуучу материалдарды сатуу боюнча эксклюзивдүү укуктарга, ошондой эле Bain компаниясы менен жабдууларды жана чыгымдалуучу материалдарды сатуу укуктарына келишим түзүү менен баштаган. Бейтаптардын бардык муктаждыктарын өз убагында камсыз кылуу үчүн компания Бишкек шаарында өзүнүн кампасына ээ, бул Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагын камтууга мүмкүндүк берет.  

Бүгүнкү күндө «ДИАВЕРУМ ДИСТРИБЬЮШН КГ»: 

  • Кыргызстандын диализ рыногундаDiaverumбрендин бекемдеп, 10дон ашык борборго жогорку сапаттагы жабдууларды камсыз кылат;
  • диализ үчүн жабдууларды жана чыгымдалуучу материалдарды, дары-дармектерди, медициналык багыттагы буюмдарды шаарларга жеткирип, Кыргызстандагы 7 жеткирүү пунктун камсыздайт; 
  • аппараттар жана суу тазалоо системалары үчүн кепилдик жана кепилдиктен кийинки сервистик тейлөөнү сунуштайт. 

«ДИАВЕРУМ ДИСТРИБЬЮШН КГ» компаниясынын ийгилиги Кыргызстандагы Diaverum командасынын компетенттүү жана шыктандыруучу ишинин аркасында камсыздалууда. Команданын башкы максаты — бөйрөк оорулары бар бейтаптардын жашоо сапатын жакшыртуу. 

Байланыш маалыматтарбыз: 

Турар Абитаев, негизги кардарлар менен иштөө боюнча менеджер, 
+ 7 771 709 03 00 
Turar.Abitayev@diaverum.com 

Биздин дарек: 

Бишкек шаары, Ленин району, 

Ак-Ордо конушу, 

Курсант көчөсү,  17-үй