Кесипкөйлүк 

Биз үчүн “жетиштүү деңгээл” — акыркы чек эмес: биз ар дайым мыкты натыйжаларга умтулабыз жана бир орунда туруп калууга эч качан ыраазы болбойбуз. 

Биз иш менен ишеним жаратабыз: берген убадабызды аткарууга көңүл бурабыз. Кыйынчылыктарды жашырбай ачык айтабыз, ошол эле учурда ар дайым чечим табууга аракет кылабыз. Дал ушундай мамиле ишенимди бекемдейт. 

Биз өз чеберчилигибизди иш жүзүндө көрсөтөбүз: билимибизди күн сайын колдонобуз, тажрыйбабызды үзгүлтүксүз өнүктүрөбүз жана дайыма жакшыраак болууга аракет кылабыз. Максатыбыз — өз тармагыбызда эң мыктылардын катарында болуу. 

Шыктануу 

Биз ишибизге жан-дилибиз менен берилебиз: демилгени башкалардан күтүп отурбайбыз. Күтүлгөндөн да артык аракет кылабыз жана айланабыздагыларды да ошол деңгээлге шыктандырабыз. 

Биз күн сайын жаңы нерсени үйрөнөбүз: бизди кызыгуу алдыга сүрөйт. Тереңирээк түшүнүүгө умтулабыз, күнүмдүк ишибизде жаңы билим издейбиз жана өз мүмкүнчүлүктөрүбүздү толук ачууга аракет кылабыз. 

Биз байланыштарды бекемдейбиз: биз адамдарды жакындатабыз, ишенимдүү мамилелерди түзөбүз жана кызматташтыкты өнүктүрөбүз. Анткени көпүрөлөрдү курганда — идеялар, тажрыйбалар жана адамдар биригип, натыйжа дагы мыкты болот. 

 

Дем-күч 

Биз чоң максаттарды коюудан коркпойбуз: калыптанып калган түшүнүктөр менен чектелбейбиз. Адамдардын жашоосун жакшы жакка өзгөртүү каалообуз бизге жаңычылдыкка умтулуу үчүн кайрат берип, өзгөрүүлөрдү жаратууга дем берет. Биз мүмкүнчүлүктөрдүн чек арасы жок экенине ишенебиз. 

Биз жакшыны бирге жаратабыз: биз бири-бирибизди колдойбуз жана ар кимибиз өз жоопкерчилигибизди сезебиз. Ар бир адам өзүн баалуу жана кабыл алынган сезген чөйрөнү түзүүгө салым кошобуз. Командалык ишти жогору баалайбыз, жардам суроодон тартынбайбыз жана жаңы идеяларды кубаттайбыз. Ошол эле учурда өз тажрыйбабыз менен бөлүшүүгө дайыма даярбыз. 

Биз өзүбүз үлгү көрсөтөбүз: чынчылдык жана принциптүүлүк — биздин негизибиз. Сөзүбүз менен ишибиз бири-бирине дал келет. Кабыл алган чечимдерибиз жана жасаган аракеттерибиз үчүн жоопкерчиликти өзүбүз алабыз. Өз жүрүм-турумубуз менен башкаларга дем берип, туура багыт көрсөтөбүз.