Биз өнөкөт бөйрөк оорусу (ӨБО) менен жашаган адамдардын жашоо сапатын жакшыртууга багытталган медициналык жардам көрсөтөбүз. Ишмердүүлүгүбүздүн негизги багыты гемодиализ болгону менен, биздин экспертиза мындан кыйла кеңири.
Биз бейтаптарды дарылоонун ар кандай этаптарында коштоп келебиз: алдын алуу жана эрте байкоодон тартып клиникада же үй шартында диализ жүргүзүүгө, кошумча ооруларды дарылоого жана бөйрөк трансплантациясына даярдоого чейин.
Биздин башкы максат — бейтаптарга толук кандуу жана активдүү жашоо өткөрүүгө жардам берүү. Diaverum бейтаптар үчүн да, улуттук саламаттык сактоо системалары үчүн да баалуулук жаратканы менен айырмаланат. Биз нефрологиялык жардам системасын ырааттуу түрдө өзгөртүп, дарылоонун сапатын жогорулатуу менен бирге медициналык кызмат көрсөтүүгө кеткен чыгымдарды азайтууга умтулабыз.
Биз буга кандайча жетишебиз? Медициналык жардам көрсөтүүнүн жогорку деңгээлде стандартташтырылган модели жана үзгүлтүксүз талданып, өркүндөтүлүп жана жаңыланып турган инновациялык технологиялар аркылуу. Ошол эле учурда процесстерди стандартташтыруу ар бир бейтапка жекече мамиле жасоого тоскоол болбойт жана дүйнө жүзүндөгү бардык Diaverum клиникаларында дарылоонун бирдей жогорку сапатын камсыз кылууга мүмкүндүк берет.