Эмне үчүн бөйрөк иштебей калат жана ошондо эмне болот? 

Бөйрөктүн иштешинин төмөндөшүнө көптөгөн себептер бар, алардын эң кеңири тарагандары — кант диабети жана кан басымдын жогорулашы. 

Эгерде бөйрөктүн иштөөсү нормадан 15% же андан төмөн деңгээлге түшсө, бул бөйрөк жетишсиздиги деп эсептелет. Мындай учурда заара аз бөлүнөт же такыр чыкпай калат, ал эми организмдеги уулуу заттар жетиштүү деңгээлде чыгарылбай калат. Натыйжада бул заттар жана ашыкча суюктук канга топтолуп (уремия), кол-буттун шишиши (шишик) жана дем жетпей калуу же демигүү пайда болушу мүмкүн. Кан басым көтөрүлүп, кызыл кан клеткалары жетишсиз өндүрүлө баштайт. Сиз чарчап, алсырап, табитиңиз жоголушу мүмкүн. 

Бөйрөк жетишсиздиги аныкталса, сөзсүз түрдө дарылоо талап кылынат — диализ же трансплантация аркылуу. Эгерде убагында аныкталып, дарыланбаса, бул оору тырышууларга (талмага), комага  (эс-учун жоготууга) жана акырында өлүмгө алып келиши мүмкүн. 

Кант диабети 

Кант диабетинин эки негизги түрү бар, алардын себептери ар башка болгону менен экөө тең бөйрөк жетишсиздигине алып келиши мүмкүн. 

1-типтеги диабетте организм инсулинди жетиштүү деңгээлде бөлүп чыгарбайт. 

2-типте болсо инсулин бар, бирок организм аны туура пайдалана албайт. 

Диабет көзөмөлдөнбөсө, кандагы канттын деңгээли жогорулап, бөйрөктөгү кан тамырларды жабыркатып, алардын иштөөсүн начарлатат. Көпчүлүк учурда диабет менен ооруган адамдарда кан басым да жогору болот, бул да бөйрөккө терс таасир тийгизет. Дарылоо ыкмалары жакшырганына карабастан, диабет менен ооруган адамдардын көбүндө бөйрөк жабыркайт. 

Кан басымдын жогорулашы (гипертензия) 

Кан басым жогорулаганда кан тамырлардын керегелерине түшкөн басым нормадан ашып кетет. Бул бөйрөктөгү майда кан тамырларды жабыркатып, алардын чыпкалоо функциясын бузат. Кан басымдын жогорулашынын себептери дайыма эле так аныктала бербейт, бирок көбүнчө туура эмес тамактануу, кыймылдын аздыгы, ашыкча салмак же башка өнөкөт оорулар менен байланыштуу болот. 

Бөйрөк түйдөкчөлөрүнүн сезгениши (гломерулонефрит) 

Бөйрөктүн негизги чыпкалоо бөлүктөрү — нефрондор сезгенгенде, бул абал кеңири кездешет. Натыйжада заара аз бөлүнүп, анын курамында кан же белок пайда болушу мүмкүн. Ошондой эле кол-буттун шишиши байкалат. 

Бөйрөк жетишсиздигинин башка себептери 

Поликистоздук бөйрөк оорусу — тукум куучулук оору, анда бөйрөктөрдө чоң кисталар пайда болуп, алардын иштөөсүн начарлатат. 

Зааранын организмден чыгышына тоскоол болгон бардык факторлор бөйрөккө зыянын тийгизиши мүмкүн. Мындай тоскоолдуктарга төмөнкүлөр кирет: 

заара чыгаруучу түтүктүн (уретра) тарышы (көбүнчө төрөлгөнгө чейин пайда болот), бөйрөктөгү таштар, шишиктер же эркектерде эрендик (простата) безинин чоңоюшу. Кайталанма заара жолдорунун инфекциялары да бөйрөк жетишсиздигине алып келиши мүмкүн.

Белгисиз себептер 

Диализге муктаж болгон бейтаптардын болжол менен 20%ында бөйрөк жетишсиздигинин так себеби аныкталбай калат. Көп учурда мындай бейтаптар дарыгерге оорунун өтө өнүккөн стадиясында кайрылышат, ошондуктан анын келип чыгуу себебин аныктоо кыйынга турат.