Гемодиализдин биринчи этабы — кан тамырларга жеткиликтүүлүк түзүү үчүн жасалуучу салыштырмалуу жеңил хирургиялык процедура.

Бул адатта бир эле жолу жасалат, анткени түзүлгөн жеткиликтүүлүк кийинки дарылоолордо туруктуу колдонулат. Көп учурда ал биринчи диализ сеансынан бир нече жума мурда жүргүзүлөт. Кан тамырга жетүү мүмкүнчүлүгү үч ыкма аркылуу түзүлөт: 

  1. Фистула — артерия менен вена түздөн-түз бириктирилет. Натыйжада ийнени кайра-кайра саюуга туруштук бере алган бекем кан тамыр пайда болот. 
  2. Графт — артерия менен вена атайын пластикалык түтүк аркылуу кыйыр түрдө туташтырылат. 
  3. Y-түрүндөгү катетер — чоң венага түздөн-түз пластикалык түтүк орнотулат. 

Эгер сизде фистула же графт болсо, ар бир гемодиализдин башында кан тамырга эки ийне коюлат: бири канды диализ аппаратына өткөрүү үчүн, экинчиси тазаланган канды кайра организмге кайтаруу үчүн колдонулат.  

Стерилдүү пластикалык түтүктөр (кан линиялары) канды диализ аппаратына жеткирет. Аппараттын эң негизги бөлүгү — диализатор. Ал жарым өткөргүч жука мембраналардан турат жана кан менен диализ суюктуктун ортосунда тосмо кызматын аткарат. Бул мембраналар аркылуу айрым заттар канга кирип же андан чыгып турат. Натыйжада организмден уулуу калдыктар жана ашыкча суюктук чыгарылат, ошондой эле зарыл болгон дары-дармектер берилет. Диализ системасында кан мүнөтүнө болжол менен 200–300 мл ылдамдыкта айланат, ал эми суюктуктун агымы 350 мл/мүнөттөн жогору болот. Бир толук диализ сеансы адатта 4–5 саатка созулат жана жумасына кеминде 3 жолу жүргүзүлөт.  

 

Дарылоо учурунда сизге эс алып отуруу сунушталат: китеп окуу, уктоо, иштөө, телевизор көрүү жана башка иштер менен алектенсеңиз болот. Медайымдар диализ учурунда сиздин абалыңызды тыкыр көзөмөлдөп, аппараттын туура иштеп жатканын текшерип турушат.  

Диализ оорутуучу процедура эмес, бирок андан кийин чарчоо сезими болушу мүмкүн. Мындай абалды туура тамактануу жана үзгүлтүксүз дене көнүгүүлөрү жеңилдетүүгө жардам берет. Кээде диализ учурунда жүрөк айлануу, баш айлануу же булчуңдардын түйүлүшү байкалышы мүмкүн. Мындай учурда сөзсүз түрдө медициналык кызматкерлерге кайрылуу керек. 

Үй шартындагы гемодиализ 
Айрым өлкөлөрдө Diaverum үй шартында жүргүзүлүүчү гемодиализ кызматын сунуштайт. 

Бул үчүн үйүңүзгө атайын диализ аппараты орнотулат. Аппарат үйдөгү сууну диализ үчүн ылайыктуу деңгээлде тазалайт. Зарыл болгон бардык медициналык каражаттар айына бир же эки жолу үйүңүзгө жеткирилет. Аппаратты колдонуу боюнча окутуу клиникада өткөрүлөт жана адатта 8–12 жумага созулат. Кааласаңыз, сизге жардам бере турган адамды да окутууга алып келе аласыз. Ал кийин үй шартында сизге көмөк көрсөтө алат. 

Окутуу учурунда төмөнкүлөрдү үйрөнөсүз: 

  • жабдууларды жана керектүү каражаттарды даярдоо; 
  • кан тамырга жетүүчү жерге (фистула же графт) ийнелерди туура коюу; 
  • дары-дармектерди берүү; 
  • аппараттын ишин көзөмөлдөө; 
  • кан басымды жана тамырдын кагышын текшерүү; 
  • дарылоо боюнча жазууларды жүргүзүү; 
  • аппаратты жана диализ жасалган бөлмөнү тазалоо; 
  • керектүү каражаттарга буйрутма берүү. 

Үй шартындагы гемодиализдин артыкчылыктары 

Үйдө гемодиализ алуу күнүмдүк жашооңузду кыйла ийкемдүү уюштурууга мүмкүнчүлүк берет. Сиз дарылоо убактысын өзүңүзгө ыңгайлаштырып, аны жумуш, окуу же үй-бүлө мүчөсүнө кам көрүү сыяктуу башка милдеттер менен айкалыштыра аласыз. Ошондой эле клиникага барып дарыланганга салыштырмалуу диализди көбүрөөк жасоону тандай аласыз. Бул төмөнкүдөй пайдалуу натыйжаларды бериши мүмкүн:   

  • өзүңүздү жакшыраак сезүү; 
  • кан басымдын жакшыраак көзөмөлдөнүшү; 
  • тамак-аш жана суюктук боюнча чектөөлөрдүн азайышы; 
  • клиникага барып-келүүгө кеткен убакытты үнөмдөө — адатта дарыгерлер айына бир жолу гана текшерүү жүргүзүшөт. 

Үй шартындагы гемодиализдин кемчиликтери 

  • диализ аппаратын орнотуу үчүн үйдө өзүнчө орун керек болот; 
  • дарылоо үчүн зарыл болгон бардык каражаттарды сактоого кошумча орун талап кылынат. 

Өз алдынча же биргелешкен гемодиализ 

Клиникадагы же үй шартындагы гемодиализден тышкары, биз ушул эки варианттын ортосундагы ыңгайлуу форматты каалаган бейтаптарды да колдойбуз. 

Өз алдынча же биргелешкен гемодиализ программасында сиз клиникада дарылоонун айрым этаптарын өзүңүз жүргүзүүнү үйрөнө аласыз. Бул үчүн биздин адистер менен бирге окутуу планы түзүлөт жана сиз акырындык менен ар кандай көндүмдөрдү өздөштүрөсүз. Кайсы деңгээлге чейин үйрөнүүнү каалай турганыңызды өзүңүз чечесиз. Дарылоо процесси жана окутуу планы сиз менен үзгүлтүксүз талкууланып, зарыл учурда жаңыртылып турат. 

Өз алдынча же биргелешкен гемодиализ боюнча окутууда төмөнкү көндүмдөр үйрөтүлөт: 

  • жабдууларды жана керектүү каражаттарды даярдоо;
  • кан тамырга жетүүчү жерге ийнелерди туура коюу;
  • дары-дармектерди берүү; 
  • диализ аппаратынын ишин көзөмөлдөө;
  • кан басымды жана тамырдын кагышын текшерүү; 
  • дарылоо боюнча маалыматтарды каттоо.
    Өз алдынча же биргелешкен гемодиализдин артыкчылыктары
  • дарылоону жакшыраак көзөмөлдөө жана өз алдынчалуулукту арттыруу; 
  • өнөкөт бөйрөк оорусун (ӨБО) тереңирээк түшүнүү жана аны натыйжалуу башкаруу; 
  • диализ графигин ийкемдүү түзүү жана убакытты үнөмдөө.