Күнүмдүк жашооңуз жана жалпы тынчсызданууларыңыз
Сиз диагнозду өзгөртө албайсыз, бирок дарыланууга ыңгайлашып, мүмкүн болушунча кадимки жашоону улантуу үчүн көп нерсени жасай аласыз.
Бул жолдо өз сезимдериңиз, тынчсызданууларыңыз жана коркунучтарыңыз тууралуу ачык сүйлөшүү пайдалуу. Diaverum адистери сизге диализге көнүүгө жана, зарыл болсо, трансплантацияга даярданууга жардам беришет.
Дарылоонун максаты — диализди жашооңузду башкарган нерсе эмес, болгону керектүү процедура катары кабыл алып, кадимки жашооңузду улантуу. Ошол эле учурда ӨБО менен байланышкан өзгөрүүлөрдү кабыл алуу кээде кыйын болушу мүмкүн. Ошондуктан көйгөйлөрдү өзүңүздө сактабай, бөлүшүү маанилүү.
Клиникадагы адистер көп жылдык тажрыйбага ээ жана дээрлик бардык абалдарга туш болушкан. Суроолоруңузду же тынчсызданууларыңызды медициналык команда менен бөлүшсөңүз, түшүнүү жеңилдейт жана кээде дарылоону жөнөкөй өзгөртүү да абалды жакшыртышы мүмкүн.
Диализ алган бейтаптарда кеңири кездешкен көйгөйлөр
Тынчсыздануу (коркуу): Бул күнүмдүк жашоого олуттуу таасир тийгизиши мүмкүн. Айрымдар диализге баруудан коркуп, келечекке ишенбестик сезиши мүмкүн. Кээде жүрөктүн бат согушу сыяктуу физикалык белгилер да байкалат.
Уйкунун бузулушу: Көп учурда тынчсыздануудан келип чыгат. Ошондой эле туура эмес режим, кыймылдын аздыгы да себеп болушу мүмкүн.
Депрессия: Белгилери ар кандай болушу мүмкүн: маанайдын узак убакытка түшүшү, кызыгуунун жоголушу, уйку жана табиттин өзгөрүшү, көңүл топтой албоо жана чарчоо.
Жыныстык жашоого байланышкан көйгөйлөр:
Көпчүлүк диализ алган бейтаптарда жыныстык каалоонун төмөндөшү байкалат. Бул бөйрөк жетишсиздигинин физикалык таасири катары пайда болушу мүмкүн же дене образынын өзгөрүшү, депрессия жана тынчсыздануу менен байланыштуу болушу ыктымал.
Мындай же башка көйгөйлөр тууралуу айтуудан тартынбаңыз — биз ар дайым жардам берүүгө даярбыз. Диализ учурунда ден соолугуңузду мүмкүн болушунча жакшыртуу үчүн, биз төмөнкү багыттар боюнча сунуштарды беребиз: туура тамактануу, суюктукту көзөмөлдөө, дары-дармектерди колдонуу, активдүү жашоо образы жана башкалар менен баарлашып, колдоо алуу.
Тамактанууну туура башкаруу
ӨБО менен ооруган бардык бейтаптар үчүн универсалдуу, бардык учурда ылайыктуу бир эле диета жок. Ошондуктан клиникадагы медициналык командадан кеңеш алуу абдан маанилүү. Сиз чарчап, табитиңиз төмөндөшү мүмкүн, бирок ошого карабастан туура жана тең салмактуу тамактанууну улантуу зарыл.
Айрым азыктар боюнча атайын сунуштар:
Белок
Белок булчуң массасын сактоого жана ткандарды калыбына келтирүүгө жардам берет. Ошондуктан эт, балык, үй канаттуулары жана жумуртка сыяктуу жогорку сапаттагы белокко бай азыктарды колдонуу маанилүү. Туура тамактануу жалпы ден соолукту сактоого жана инфекцияларга каршы турууга көмөктөшөт.
Фосфор
Фосфор — көптөгөн азыктардын курамында кездешкен минерал. Диализ учурунда аны ашыкча колдонбоо өтө маанилүү. Сүт жана сыр, кургатылган буурчак, күн карама уругу, зыгыр уругу, газдалган суусундуктар (кола), жаңгактар жана арахис майы фосфорго бай.
Кандагы фосфор деңгээли жогорулап кетсе, кальций ткандарда жана органдарда топтоло баштайт (бул процесс кальцификация деп аталат). Мындай абал тери кычышуусун жаратып, кан тамырларга терс таасир тийгизиши мүмкүн.
Кээ бир диализдеги бейтаптарга тамак-аштан келген фосфордун канга сиңишин азайтуу үчүн фосфат байлагыч дары-дармектер жазылат.
Калий
Калий дээрлик бардык азыктарда бар, айрыкча айрым мөмө-жемиштерде жана жашылчаларда. Дени сак бөйрөк калийдин деңгээлин жөнгө салат, бирок ӨБО учурунда бул процесс бузулушу мүмкүн. Диализ сеанстарынын ортосунда калийдин деңгээли жогорулап кетиши мүмкүн.
Калийдин ашыкча болушу жүрөктүн ритмине таасир этет, ошондуктан аны көзөмөлдөө боюнча берилген сунуштарды так сактоо зарыл. Калийге бай азыктарга өрүк, банан, кургатылган жемиштер, жемиш ширелери, коон, жаңгактар, кара өрүк ширеси, мейиз, помидор ширеси жана соусу, артишок, авокадо, кургатылган буурчак, сабиз ширеси, бышырылган картошка, шоколад, бал, сүт, картошка чипстери, жасмык жана шпинат кирет.
Натрий (туз)
Натрий көпчүлүк азыктарда табигый түрдө бар жана даам берүү үчүн кошулат. Тузду ашыкча колдонуу суусоону күчөтүп, организмде суюктуктун топтолушуна алып келет. Ошондуктан күнүмдүк рациондогу туздун көлөмүн көзөмөлдөө абдан маанилүү.
Ичилүүчү суюктукту көзөмөлдөө
Эгерде сиз диализде болсоңуз, ичкен суюктуктун көлөмүн көзөмөлдөө өтө маанилүү, айрыкча заара бөлүнбөсө. Гемодиализ алган бейтаптар, адатта, перитонеалдык диализдегилерге караганда суюктукту катуураак чектеши керек.
Суусоону көзөмөлдөө керек.
Суюктукту азайтуунун эң натыйжалуу жолу — суусоону азайтуу. Бул үчүн рациондогу тузду чектөө керек. Диализдеги бейтаптар башка адамдарга караганда болжол менен эки эсе аз туз колдонууга тийиш.
Консерваланган, даяр же тоңдурулган тамактарда, ошондой эле чипстерде туз көп болот. Мындай азыктардан мүмкүн болушунча алыс болуңуз же аз туздуу варианттарын тандаңыз. Тамак даярдоодо жана жегенде кошумча туз кошпоо сунушталат.
Суюктукту керектөөнү көзөмөлдөө
Бөлмө температурасында суюк болгон бардык азыктар курамында суу камтыйт. Мындай азыктарды колдонуу жалпы суюктуктун көлөмүн көбөйтөт. Аларга шорпо, сүт, йогурт, желе жана балмуздак кирет.
Ошондой эле көптөгөн мөмө-жемиштер жана жашылчалар да сууну көп камтыйт — айрыкча коон, дарбыз, жүзүм, алма, апельсин, помидор, салат жалбырагы жана сельдерей.
Бул азыктарды чектөөдөн тышкары, кичине чыны же стакан колдонуу аркылуу да суюктуктун көлөмүн азайтууга болот.
Гемодиализ учурунда суюктукту башкаруу
Гемодиализ сеанстарынын ортосунда организмде суюктук топтолуп, шишикке жана салмактын көбөйүшүнө алып келет. Ашыкча суюктук кан басымга таасир берип, жүрөктүн ишине кошумча жүк жаратат.
Дарылоолордун ортосунда салмактын көбөйүшү белгиленген «кургак салмактын» 4%ынан ашпоого тийиш.
Кургак салмак — бул организмде ашыкча суюктук жок учурдагы дене салмагы. Ал кан басым кескин төмөндөбөгөн минималдуу салмак болуп эсептелет. Диализ учурунда канча суюктук чыгаруу керектиги ушул көрсөткүчкө жараша аныкталат.
Эгерде сеанстар ортосунда суюктук өтө көп топтолсо (ашыкча ичүүдөн же суусу көп азыктарды көп колдонгондон), диализ учурунда керектүү салмакка жетүү кыйын болот. Бул кан басымдын түшүшү же булчуңдардын тырышуусу сыяктуу терс таасирлердин тобокелдигин жогорулатат. Убакыттын өтүшү менен дене салмагы өзгөрсө, «кургак салмак» да өзгөрүшү мүмкүн.
Перитонеалдык диализ учурунда суюктукту башкаруу
Перитонеалдык диализде суюктукту чектөө гемодиализге салыштырмалуу анча катуу эмес. Ошентсе да шишик же салмактын көбөйүшү сыяктуу белгилерге көңүл буруу маанилүү.
Дары-дармектерди туура колдонуу
Диализ башталгандан кийин колдонулган дары-дармектердин көбү буга чейин колдонуп жүргөн дарыларга окшош болот. Бирок айрымдарынын дозасын өзгөртүү талап кылынат жана бул сөзсүз дарыгердин көзөмөлүндө жүргүзүлүшү керек.
Диализдеги бейтаптар көбүнчө төмөнкү дары-дармектерди колдонушат:
Эритропоэзди стимулдоочу препараттар (ESA)
Бөйрөк эритропоэтин гормонун бөлүп чыгарат, ал кызыл кан клеткаларынын пайда болушун стимулдайт. ӨБО учурунда бул гормондун деңгээли төмөндөп, анемияга алып келиши мүмкүн. ESA препараттары кызыл кан клеткаларынын пайда болушун жогорулатуу үчүн колдонулат жана тамырга сайылып берилет.
Темир
Темир гемоглобиндин түзүлүшү үчүн зарыл, ал организмге кычкылтекти жеткирүүгө жардам берет. Көп учурда темир кошумчалары да тамырга сайылып берилет.
D витамини
Бул витамин бөйрөктө жарым-жартылай активдешет жана ӨБО учурунда анын өндүрүшү азайышы мүмкүн. D витамини кальцийдин сиңишине жардам берип, сөөктөрдүн бекемдигин камсыз кылат. Анын жетишсиздиги сөөктөрдүн алсырашына жана оорушуна алып келиши мүмкүн. Активдүү D витамини ооз аркылуу же инъекция түрүндө берилет.
Фосфат байлагычтар
Фосфор тамак-аштан алынат жана нормалдуу шартта бөйрөк аркылуу чыгарылат. ӨБО учурунда ал организмде топтолуп калышы мүмкүн. Ашыкча фосфат ткандарда катуулукту пайда кылып, кан тамырларда кальцийдин топтолушуна алып келет. Ар бир тамак менен кошо кабыл алынган фосфат байлагычтар ичегиде фосфордун сиңишин азайтып, анын кандагы деңгээлин төмөндөтөт.
Кан басымды жөнгө салуучу дары-дармектер
Бөйрөк кан басымды жөнгө салууга катышкандыктан, ӨБО бейтаптарына мындай дары-дармектер көп учурда талап кылынат. Кан басымдын жогорулашы жүрөк ооруларынын негизги коркунуч факторлорунун бири болуп саналат. Бирок диализ башталгандан кийин бул дарыларга болгон муктаждык азайышы же толук жок болушу мүмкүн.
Канды суюлтуучу дарылар (антикоагулянттар)
Гемодиализ учурунда кан түтүктөрдө жана диализ аппаратында уюп калбашы үчүн дарылоонун башында жана жүрүшүндө колдонулат.
Башка дары-дармектер
Диализ алган бейтаптарда ӨБОдон тышкары дагы башка оорулар болушу мүмкүн. Аларга жүрөк оорулары, кант диабети, гиперлипидемия (кандагы майлардын, айрыкча холестериндин жогору болушу), депрессия, жыныстык функциянын бузулушу же оорутуу кирет. Бул учурларда тиешелүү дарылар дайындалат.
Активдүү жашоо образы
Көптөгөн оорулардагыдай эле, позитивдүү маанай сиздин абалыңызга чоң таасир тийгизет жана жашоо сапатын сактоого жардам берет. Diaverum клиникалык командасы сиздин жашоо сапатыңызды мүмкүн болушунча жогорулатуу үчүн бардык аракетин жумшайт.
Иштөөнү же окууну улантуу
Диализ башталганы жумушту таштоону билдирбейт (эгер өтө оор физикалык жумуш болбосо). Окууну да улантууга болот. Мындай активдүүлүк көңүлдү башка нерсеге буруп, психологиялык жактан да колдоо берет. Көпчүлүк иш берүүчүлөр түшүнүү менен мамиле жасап, керектүү шарттарды түзүп беришет.
Физикалык активдүүлүк
Кандай физикалык активдүүлүк менен алектенүүнү тандаардан мурда дарыгер менен кеңешүү зарыл. Жалпы сунуш — өзүңүздү жакшы сезген деңгээлде мүмкүн болушунча кыймылдуу болуу. Бул ден соолукту жана жалпы абалды жакшыртат.
Унаа айдоо
Көпчүлүк диализ алган бейтаптар унаа айдай алышат, бирок бул тууралуу дарыгериңиз менен кеңешүү керек. Гемодиализдин алгачкы эки айында процедурадан кийин дароо унаа айдабоо сунушталат. Эгерде айдоочулук сиздин кесибиңиз болсо (мисалы, жүк ташуучу, такси, поезд же автобус айдоочу), анда бул маселени дарыгер менен өзүнчө талкуулоо зарыл.
Тамеки тартпаңыз
Тамеки тартуу ар бир адам үчүн зыяндуу, ал эми диализде жүргөн бейтаптар үчүн кошумча коркунуч жаратат. Эгерде сиз бөйрөк трансплантациясын пландап жатсаңыз, тамекиден баш тартуу өзгөчө маанилүү, анткени ал кан тамырларга зыян келтирип, трансплантациянын ийгиликтүү болушуна тоскоолдук кылышы мүмкүн.
Спирт ичимдиктери
Чектелген өлчөмдө гана жана жалпы суюктук нормасына ылайык колдонууга болот. Дарыгер менен кеңешүү зарыл.
Эс алуу жана саякат
Ар бир адам эс алып, саякаттоого мүмкүнчүлүк алышы керек — биз сизге бул мүмкүнчүлүктү түзүүгө жардам беребиз. Эс алууңузду туура уюштуруу боюнча клиникадагы адистер менен кеңешиңиз. Алар кайсы жакка баруу ыңгайлуу экенин жана сапар учурунда диализди кантип уюштурууну сунуштай алышат.
Дүйнө жүзү боюнча 400дөн ашуун клиникасы бар Diaverum компаниясынын d.HOLIDAY программасы сизге үйдөн алыс жүргөндө да бөйрөк ооруларын дарылоонун жогорку сапаттагы кызматтарын алаарыңызга ишеним берип, коопсуз саякаттоого шарт түзөт.
Абалыңыз тууралуу башкалар менен баарлашуу
Ар бир адам өз абалын ар башкача кабыл алат — физикалык да, эмоционалдык да жактан. Сизде тынчсыздануу, стресс же ачуулануу сезимдери болушу мүмкүн. Бул табигый көрүнүш, бирок бул сезимдерди бөлүшө турган адамдардын болушу абдан маанилүү.
Клиниканын командасы
Дарыгерлер жана медайымдар ар дайым жардам берүүгө даяр. Суроолоруңузду берип, сезимдериңизди жана көйгөйлөрүңүздү ачык талкуулаңыз. Кээде жөн гана кошумча маалымат алуу абалды жакшыраак түшүнүүгө жана аны жеңилирээк кабыл алууга жардам берет.
Башка диализ бейтаптары менен баарлашуу да пайдалуу — алар сиздин абалыңызды өз тажрыйбасынан улам жакшы түшүнүшөт. Сезимдериңизди жашырбаңыз: айланаңызда угууга жана жардам берүүгө даяр адамдар көп. Алар менен бөлүшүү аркылуу сиз өзүңүзгө керектүү колдоо чөйрөсүн түзө баштайсыз.
Абалыңыз тууралуу ачык болуңуз
Кээде өз абалыңыз тууралуу жакындарыңызга да айтууга кыйын болушу мүмкүн. Бирок аракет кылыңыз. Үй-бүлөңүз же жакын досторуңуз ӨБО жана сиздин дарылооңуз тууралуу көбүрөөк билсе, сизди жакшыраак түшүнүп, колдоо көрсөтө алышат.
Мындай ачык мамиле баарыңыздар үчүн пайдалуу болот. ӨБОнун таасирин бир гана бейтап эмес, анын жакындары да сезет. Үй-бүлө, туугандар, достор жана кесиптештер менен ачык баарлашуу көп нерсени жеңилдетет.
Билим, түшүнүү жана колдоо — бул сиздин абалыңызды ийгиликтүү башкарууга жардам бере турган негизги факторлор.